Коронавирустан каза болгон медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө компенсация эртең төлөнүп берилери айтылды

Бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Саматбек Ибраев каза болгон медицина кызматкерине компенсация төлөндүбү деген суроо берди.

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов эртең анын үй-бүлөсүнө компенсация төлөнүп бериле турганын айтты. "Бүгүнкү күнү коронавирустан бир дарыгер каза болгон. Атайын комиссия түзүп, чечим кабыл алынды, эртең анын үй-бүлөсүнө компенсация төлөп беребиз. Коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлерине 200 миң сомдон берилет. Атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен такталып, компенсация төлөнөт", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан