Сапар Исаковдон жана Кой-Таш окуясы боюнча айыпталгандардан алынган ПЦР-тесттин жыйынтыгы чыкты

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдон коронавируска тест алынып, жыйынтыгы вирустун белгилери жок экенин тастыктады. Маалыматты Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы билдирди.

"Кечээ, 12-майда Равшан Жээнбеков, Фарид Ниязов, Фархат Баабиев, Карыпбек уулу Рысбек, Канат Осмоналиев, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев (Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучулар) жана Сапар Исаковдон ПЦР-тест алынган. Баарынын жыйынтыгы оорунун белгилери жок деп чыкты.

Буга чейин КСДПнын айрым мүчөлөрү ЖАМК коронавирус жуктургандар тууралуу маалыматты жашырып жатат деген пикирлерин айтып чыгышкан", - деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 12-майда Сапар Исаковду №8 түзөтүү абагынан СИЗО-1ге которуу тууралуу Биринчи Май районунун чечими чыкканын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Erik2018
2020-05-13 13:05:39
жаны таттуу анан булардын чымын чакса да вирус деп кыйкыра бербей тынч отургула
-2
robot111
2020-05-13 13:23:09
Атамбаевдин адамдарына вирус жугуудан кудай сактасын эгер жугуп калса бийликтен корот атайын жуктурушту деп.
-3
Jaznura
2020-05-13 13:15:42
Буларга Кудай бермек вирусту атайын жуктурду деп. Өлтүрүүгө аракет кылды деп.
-3
Munir81
2020-05-13 16:31:24
Оной жолу бар мулкун алып оздорун сургун кылса зор болмок
-1
Baihan07
2020-05-13 16:33:57
Жөн эле тантырап ар нерсени жаза бересиңерби.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан