22-майга карата коронавирус менен ооруган бейтаптардын ичинен 20сы стационарлардан чыгарылды. Муну менен өлкөдө бул оорудан айыккандардын жалпы саны 949.
Өлкө боюнча сутка ичинде дагы 37 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Өлкөдө коронавирус аныкталгандардын саны жалпы 1 миң 350гө жетти.
Кыргыз өлкөсүнүн аймагында коронавирус диагнозу менен ооруканаларда 387 адам жатат. Анын ичинен төртөө жандандыруу бөлүмүндө, обсервацияда 2150 адам жатат.
Өлкөдө дагы 3 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында катталгандардын саны 273. Алардын ичинен 224 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Екатеринбургдан 22 Кыргыз жараны мекенине кайтарылды.
Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты, 31-мартты, 1-апрелди, 2-апрелди, 3-апрелди, 4-апрелди, 5-апрелди, 6-апрелди, 7-апрелди, 8-апрелди, 9-апрелди, 10-апрелди, 11-апрелди, 12-апрелди, 13-апрелди, 14-апрелди, 15-апрелди, 16-апрелди, 17-апрелди, 18-апрелди, 19-апрелди, 20-апрелди, 21-апрелди, 22-апрелди, 23-апрелди, 24-апрелди, 25-апрелди, 26-апрелди, 27-апрелди, 28-апрелди, 29-апрелди, 30-апрелди, 1-майды, 2-майды, 3-майды, 4-майды, 5-майды, 6-майды, 7-майды, 8-майды, 9-майды, 11-майды, 12-майды, 13-майды, 14-майды, 15-майды, 16-майды, 17-майды, 18-майды, 19-майды, 20-майды, 21-майды окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.