Нарын облустук төрөт үйүндө буга чейин коронавирус аныкталган. Буга карабастан төрөт үйү жабылган жок. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев түз эфирде билдирди.
Анын берген маалыматына ылайык, азыркы тапта Нарын районунда жалгыз гана төрөт үйү бар, мындан улам аны толугу менен жаап салуу мүмкүн эмес.
"Азыркы тапта облустук жугуштуу оорулар бөлүмүндө коронавирус аныкталган 13 көз жарган бейтап дарыланууда. Ал эми 2 бейтап изоляцияда гинекология бөлүмүндө жатат. Имараттын 3-кабаттагы төрөт бөлүмү штаттык режимде иштеп жатат. Ал эми корпусту толугу менен жабуу мүмкүн эмес, анткени башка төрөт үйү жок.
Кош бойлуу айымдар эч коркпостон келип көз жара берсе болот. Азыркы тапта дезинфекциялоо иштери жүрүп, бардык эрежелер так сакталып жатат. Эгерде коронавирус аныкталган айым көз жара турган болсо ага өзүнчө шарттар түзүлүп башка бейтаптар менен эч аралашпайт", - дейт Каратаев.