Түркия коронавирустун дельта штаммы күч алып жаткандыктан, чек арасын жабышы мүмкүн

Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой коронавирустун дельта штаммы күч алып жаткандыгына байланыштуу туристтер үчүн чек ара жабылышы мүмкүн экендигин айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.

Анын айтымында, коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөрдүн алынышы коронавируска каршы эмдөөнүн темпине жараша болот. "Эгер эмдөө иши тез жана жарандар арасында активдүү жүрсө, Түркия мурдагыдай жай турмушка эрте кайтып келет. Ал эми эмдөө иши канчалык жай жүрсө, нормалдуу жашоого кайтуу ошончолук кеч болот", - деген министр.

Ошондой эле министрдин айтымында, 2021-жылы Түркиядагы курорттор 25 миллион турист кабыл алып, 20 миллион доллар кирише табууну пландап жатат. "Ал эми менин планымда 30 миллион турист кабыл алып, 23 миллиард доллар киреше алуу. Андыктан эмдөө ишин тездетип, туристтер үчүн Түркиянын чек арасынын жабылышын алдын алуу керек", - деген.

Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги 18-июлда коронавирус жуктуруп алгандардын саны май айынан бери алгачкы жолу рекорддук көрсөткүчкө жеткенин маалымдаган. Анда бир сутка ичинде 7680 адам илдетти жуктуруп алган, анын ичинен 750 бейтаптан коронавирустун дельта штаммы аныкталган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан