Ош шаарында коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 127 адам болсо, анын ичинен 2 жаран каза болгон. Мындай статистиканы бүгүн, 20-майда Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев онлайн маалымат жыйынында билдирди.
"Бүгүнкү күнгө чейинки статистикага кайрылсак, Ош шаарында коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 127. Анын ичинен 111 адам айыгып чыкты. Калган 16 жаран изоляцияда дарыланууда. Ал эми 2 адам Ош шаарынын тургундары, тилекке каршы, каза болуп калды. Бүгүнкү күндө 525 жараныбыз обсервацияда жатышат. 775 адам үй карантининде көзөмөлдө", - деди Ош шаарынын биринчи вице-мэри.