Бүгүн, 21-майда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов онлайн маалымат жыйын берди.
"Жалал-Абад облусу боюнча жалпысынан 154 адам коронавирус оорусуна чалдыккан. Анын ичинен 138 адам айыгып чыкты. Дагы 16сы дарыланууда. Булардын арасынан 27 адам сырттан ооруп келген. Учурда 117 адам медициналык көзөмөлдө турат. Ал эми обсервацияда жаткандардын саны 79. Мындан тышкары атайын түзүлгөн санитардык топтор очоктордо иш жүргүзүүдө. Алар бүгүнкү күнгө чейин 70 миң 943 үйгө кирип, 354 миң 256 адамды текшерүүдөн өткөрдү", - дейт Нурболот Мирзахмедов.