6-июнга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны 6 миллион 734 миң 88ге жетти. Алардын арасынан 2 миллион 746 миң 192 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылса, 394 миң 875 адам көз жумду.
Коронавирус эң көп жайылган АКШда 1 миллион 897 миң 380 адам аталган илдет менен катталды. Арасынан 491 миң 706 адам сакайып, 109 миң 132 бейтап каза болду.
Экинчи орунду ээлеген Бразилияда вирус менен алышкандардын саны 614 миң 941 жетти. Андан 238 миң 617 адам ооруканадан айыгып чыкса, тилекке каршы, 34 миң 21 адам каза болду.
Орусияда 449 миң 256 адам коронавирус илдетин жуктуруп алды. Арасынан айыгып чыккандар - 212 миң 237, көз жумгандар - 5 миң 520
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.