Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 7 миң 425 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 153 адам каза болсо, 12 миң 13 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 1 миң 81;
Москва облусунда - 504;
Ханты-Мансийск автономиялуу облусунда - 319;
Челябинск облусунда - 258 адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 599 миң 705 адамдан коронавирус аныкталды. 8 миң 359 адам каза болсо, 356 миң 429 бейтап айыгып чыкты.