118 колл-борборуна күнүнө дээрлик 7 миңдей чалуу келип түшүп жатат

Бүгүнкү күндүн дагы бир баатырлары болгон 118 линиясынын кызматкерлери пандемия учурунда жарандарды колдоо үчүн талыкпай иштөөнү дагы да улантууда.

Маалыматка ылайык, 6-июлда аталган борборго 6 миң 687 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинен 317си Covid-19га шектүүлөр. Негизинен башка күндөрү медициналык консультацияга муктаж жарандардын кайрылуусу 4 миңден ашчу.

Баарыбызга белгилүү болгондой, 118 линиясы чектөөсүз күнү-түнү көмөк көрсөтүп, консультация кылышат. Күндүзү жана түнкүсүн 40тан киши мөөнөттө турат.

Ал эми чалуулар борборунун операторлору клиникалык жана медициналык ыктыярчылар болуп саналат. Консультациялык операторлору тез арада Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритмдери боюнча толук окутуудан өтүшөт.

Белгилей кетсек, “118 диагностика линиясы” долбоору Саламаттыкты сактоо министрлиги, "Сорос-Кыргызстан Фонду" жана шаардык саламаттыкты сактоо департаменти менен биргеликте ишке ашууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан