Эльдар Сапаев аттуу жаран өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына "Тез жардам" унаасын түртүп бара жаткан дарыгерлердин видеосун жүктөдү.
"Уятсыз чиновниктер жол тандабастарды минип жүрүшөт. Бул жергиликтүү татынакай дарыгер айымдар күлгөнгө да күчтөрү жетет. Менин аларга боорум ооруп жатат. Көзүмө жаш келди", - деп жазган ал.
Видеодо дарыгерлер "Тез жардам" унаасын түртүп, унаа от алгандан кийин гана жылмайып унаага отуруп кеткенин көрүүгө болот.