Өткөн суткада 33 бейтап коронавирустан айыгып чыкты.
Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө дагы 163 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Бир суткада коронавирус аныкталган бейтаптардын ичинен 22си медицина кызматкери экени маалым болду.
Узап кеткен суткада коронавирустан 56 жаштагы Бишкектин тургуну кайтыш болду.
Акыйкатчы институтунун бөлүм башчыларынын биринен коронавирус аныкталды.
23-июнда өлкөгө Корея, Япония жана Филиппинден 19 Кыргыз жараны кайтып келишти.
Бишкек-Ош автоунаа жолунун көпчүлүк бөлүгү Токтогул районунун аймагынан өткөндүгүнө байланыштуу санитардык-карантиндик посттор уюштурулду.
Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев мекеменин кызматкерлеринен жалпысынан 7 адамдан коронавирус аныкталганын билдирди.
Бет капсыз сүрөткө түшкөн 28 чиновникке айып пул салынды.
Коронавирус боюнча ыкчам маалымат кызматы болгон 118 номурунун операторлору эми күнү-түнү иштеп баштайт.
Өлкөдө медициналык кызматкерлердин жетишсиздиги байкалууда, буга байланыштуу медициналык окуу жайлардагы окутуучулардын жана клиникалык ординаторлордун катарынан кадрдык ресурстар ишке тартылат.
Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты, 31-мартты, 1-апрелди, 2-апрелди, 3-апрелди, 4-апрелди, 5-апрелди, 6-апрелди, 7-апрелди, 8-апрелди, 9-апрелди, 10-апрелди, 11-апрелди, 12-апрелди, 13-апрелди, 14-апрелди, 15-апрелди, 16-апрелди, 17-апрелди, 18-апрелди, 19-апрелди, 20-апрелди, 21-апрелди, 22-апрелди, 23-апрелди, 24-апрелди, 25-апрелди, 26-апрелди, 27-апрелди, 28-апрелди, 29-апрелди, 30-апрелди, 1-майды, 2-майды, 3-майды, 4-майды, 5-майды, 6-майды, 7-майды, 8-майды, 9-майды, 11-майды, 12-майды, 13-майды, 14-майды, 15-майды, 16-майды, 17-майды, 18-майды, 19-майды, 20-майды, 21-майды, 22-майды, 23-майды, 24-майды, 25-майды, 26-майды, 27-майды, 28-майды, 29-майды, 30-майды, 31-майды, 1-июнду, 2-июнду, 3-июнду, 4-июнду, 5-июнду, 6-июнду, 7-июнду, 8-июнду, 9-июнду, 10-июнду, 11-июнду, 12-июнду, 13-июнду, 14-июнду, 15-июнду, 16-июнду, 17-июнду, 18-июнду, 19-июнду, 20-июнду, 21-июнду, 22-июнду окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.