Министрлик: "Орусиянын Соль-Илецк шаарында калып калган жарандардын маселеси жакынкы арада чечилет"

Бүгүн, 29-апрелде тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Ниязалиев чет элде калган жана мекенине кайтып келген Кыргыз жарандары тууралуу маалымат берүүдө.

Министрликтин өкүлү Орусия менен Казакстандын чектеш жеринде жайгашкан Соль-Илецк шаарында калып калган Кыргыз жарандарынын маселесине токтолду.

"Соль-Илецк шаарында калып калган жарандарга Казакстан аркылуу мекенине кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө иштер жүрүп жатат. Казак тарап менен сүйлөшүүлөр активдүү жүрүүдө, аз убакыттын аралыгында Казак тарап бул тууралуу өз оюн билдирет. Казак тарап аларды өткөрүүдөн кооптонуп жатат. Анткени эгер алар уруксат берсе, биздин жарандар 4 облусту, 2 миңден ашуун чакырымды басып өтөт. Албетте, бул вирус тарап жаткан маалда кооптуу болуп эсептелет", - деп билдирди Ниязалиев.

Ошондой эле ал жакта калган жарандарды тамак-аш жана жатакана менен камсыз кылуу маселелери каралып жаткандыгын орун басар кошумчалады.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан