Мамлекеттик чек ара кызматынын подполковниги Талгат Аланов каза болду. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Талгат Аланов 21-июль күнү жүрөк оорусунан каза болгон.
"Акыркы эки аптанын ичинде Мамлекеттик чек ара кызматы оор жоготууга учурады. Арабыздан эки аскер кызматкерибиздин каза болгондугун терең кайгыруу менен билдиребиз.
Полковник Көкчө Жакыпбеков пневмониядан каза болсо, экинчи офицерибиз, подполковник Талгат Аланов кезектеги өргүүдө жүргөн жеринен алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жүрөк согуусу токтоп каза болду.
Мамлекеттик чек ара кызматынын өздүк курамы каза болгон офицерлердин жакындарынын жана туугандарынын орду толгус жоготуусуна терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт жана алардын үй-бүлөсүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүлөт", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.