Дүйнөдөгү статистикага ылайык, бүгүн, 11-октябрга карата коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 37 миллион 93 миң 412 болду. Анын ичинен 25 миллион 764 миң 201 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 1 миллион 71 миң 460 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 7 миллион 716 миң 659 адамдан коронавирус аныкталды. 214 миң 366 адам каза болсо, 3 миллион 62 миң 983 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 6 миллион 979 миң 423 адамдан аныкталды. 107 миң 416 адам каза болсо, 5 миллион 988 миң 822 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Аталган өлкөдө 5 миллион 55 миң 888 адам вируска кабылган. 149 миң 639 бейтап көз жумса, 4 миллион 502 миң 854 бейтап оорудан сакайды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.