Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров кудаларын эмнеге кызматка койгон? Күн ичинде орун алган саясий окуялардын топтому бир шилтемеде

Бүгүн, 15-декабрь, күнгө шейшемби. Күндөгүдөй эле бул күн да саясий окуяларга, жаңылыктарга бай болду. Алардын баарынан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күн ичинде орун алган "туздуу" саясий окуялардын топтомун алдыңызга сунуш кылат.

Сарпашевдин мамлекетке дагы бир "белеги"

Мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бүгүн Финполго дагы бир жолу сурак берди. Суракка кирердин алдында журналисттердин бир нече суроолоруна жооп берүүгө үлгүрдү. Сарпашевдин айтымында, анын бир туугандары аянты 1000 чарчы метрди түзгөн имаратты мамлекеттин карамагына өткөрүп берет.

"Айылдаштарымдан менин бир туугандарыма карата даттануулар көп түшүп жатат. Тилекке каршы, көпчүлүк мунун артында мен тургандай кабыл алып жатышат. Ошондон улам 530 гектар жерди туугандарым буга чейин мамлекетке өткөрүп беришкен. Алдыда Токтогул районунда жайгашкан аянты болжолдуу 1000 чарчы метрди түзгөн имаратты Торкен айылынын карамагына өткөрүп беришет. Имарат көптөн бери колдонулбай турган. Оңдоп-түзөп окуу борбору катары колдонсо болот", - деди Сарпашев.

Буга чейин Сарпашевге карата козголгон кылмыш ишинин алкагында ал мамлекеттин балансына 530 гектар жерди өткөрүп берген.

Кубан Чороев БШКнын үстүнөн Жогорку Сотко даттанды

Бүгүн мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого карата үгүт компаниясына расмий старт берилди. Тактап айтканда 9-январга чейин талапкерлер жер жерлерде үгүт жүргүзө алат. Учурда өлкөнүн 2 тизгин, 1 чылбырын колуна алуу үчүн 18 талапкер ат салышууда. Ал эми талапкерлиги катталбай калган Кубан Чороев БШК менен соттошууда. Чороевдин арызы боюнча Бишкектин Админстративдик соту БШКнын пайдасына чечим чыгарса, Жогорку Сот эми карайт.

"Админстративдик соттун чечимин кайра кароону өтүнүп Жогорку Сотко кайрылдым. Эгерде Жогорку Соттон жеңип алсам БШК мени президенттикке талапкер катары каттайт. Мурунку инстанция менин келтирген жүйөлөрүмдү, БШКнын кетирген кемчиликтерин эске алган жок. Жогорку Соттон адилеттүүлүк табылат деген үмүттөмүн", - дейт Чороев.

Борбордук шайлоо комиссиясы "Чороев кол тамга чогултулуучу бланктардын акчасы төлөнө электен мурда кол чогултуп баштаган" деген жүйө менен аны талапкерликтен четтеткен. БШКнын мындай чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арыз жазган Чороев соттон утулуп калган.

Садыр Жапаров кудаларын кызматка койгон себебин түшүндүрдү

Үгүт компаниясы башталган алгачкы күнү Садыр Жапаров Талас жергесине барып, эл менен жолугушуу өткөрдү. Анда талапкер жарандардан келген каттарга жооп берип жатып, кудаларын кызматка дайындоосу боюнча түшүндүрмө берди. Жапаровдун айтымында, ал президенттин милдетин аткаруучу болуп турган учурда, жооптуу кызматтарга ишенимдүү кишилерди коюу зарыл болгон.

"Биз өлкөдөгү туруктуулукту сактоого аракет кылдык. Мен күнү-түнү дебей кадрларды дароо алмаштырдым. Кызмат адамдары банктардан акчаларды алып, чыгарып кетпесин, качып кетпесин деп эки кудам кызматка туруп калышты. Мен муну жашырбайм, моюнума алам. 20-30дай кызмат адамдарды иштен алуу менен биз туруктуулукту сактап калдык. Буюрса, президенттик шайлоо бүтөрү менен кадрлар кызматка сынактык негизде гана алынат. Биз ошондо гана татыктуу адамдарды кызматка алып келебиз. Бир чындыкты айтып коёюн, бир кудам "ата-мекенчи", дайыма оппозициядагылар менен шайлоого барып, менин Ысык-Көлдөгү добуштарымды бөлүшүп жүрчү", - дейт Жапаров.

Учурда Садыр Жапаровдун бир кудасы Турусбек Түмөнбаев "Унаа" мамлекеттик мекемесинин башчысы болсо, дагы бири Таштанбек Каймазаров Миграция кызматын жетектеп келет.

Клара Сооронкулова Садыр Жапаровдун талапкерлигин алып салууну талап кылат

Президенттикке талапкер Клара Сооронкулова Садыр Жапаровдун талапкерлигин алып салууну талап кылып Бишкектин Административдик сотуна арыз жазды. Сооронкулованын пикиринде Жапаровдун президенттикке ат салышууга укугу жок.

"Конституцияда "президенттин милдетин аткарган адам талапкер боло албайт" деп ачык жазылган. Шайлоо октябрь айынын аягында дайындалганы менен, Садыр Жапаров 14-ноябрда гана президенттин милдетин аткарууну токтотту. Мындан сырткары премьер-министрлик кызматын толук тапшырган жок. Убактылуу гана токтотту. Буга байланыштуу Бишкектин админстративдик сотуна арыз жаздым", - деди Сооронкулова.

Буга чейин Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев жана Бектур Асанов президенттикке талапкер Садыр Жапаровду каттоодон баш тартууну суранып жазган арызын БШК канааттандырган эмес.

Паспортко "улут" графасы кайтарылды

ID-картага "этностук таандыкты" көрсөтө турган графа киргизүү боюнча токтомго премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

"Конституциялык палата паспортко «этностук таандык» графасын көрсөтпөө боюнча 2017-жылы өкмөттүн токтому менен бекитилген чечим Конституциянын 38-беренесине карама-каршы келет деп тааныган. Ошондой эле буга чейин кабыл алынган чечимдин негизинде ар бир адамдын өзүнүн этностук таандыгын эркин аныктоо жана көрсөтүүгө карата укугун кепилдөө бузулганын белгилеген. Өкмөттүн жаңы кол коюлган токтомуна ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн жарандары өз эрки менен ID-паспортуна улутун көрсөтө алат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
modem4999
2020-12-15 21:39:37
Жакшы шылтоо экен
0
jergetal
2020-12-16 01:27:11
Сооронкулова ичин күйсө туз жала
+1
zamir_kgz
2020-12-16 09:11:55
Тёмчиктин паспортуна кайсы улут жазылаар болду экен?
0
zamir_kgz
2020-12-16 09:14:59
Кыргыздын мааниси терен макал -лакаптары бар; Ит уро берет, кербен журо берет. Аккан арыктан суу ага берет.Бирок прогресс бар, бир кезде баардык президенттер жакшы умут менен келген-жылыш бар коз тийбесин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан