Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 28 миң 948 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 511 адам каза болсо, 20 миң 915 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 7263 (айыккандар 4790);
Санкт-Петербург - 3759 (айыккандар 2326);
Москва облусу - 1539 (айыккандар 1098);
Нижегород облусу- 499 (айыккандар 437) адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 2 миллион 848 миң 377 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 50 миң 858 адам каза болсо, 2 миллион 275 миң 657 бейтап айыгып чыкты.