Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдында ачылган атайын эсепке бүгүнкү күндө 16 миллион 141 миң 47 сом түштү. Маалыматты аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты. Топтолгон каражаттар комиссиянын чечими менен аз камсыз болгон, социалдык жардамга муктаж жарандарды азык-түлүк менен камсыз кылуу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга бөлүнүп берилди. Ага ылайык:
- Бишкек шаардык мэриясына - 792 миң 500 сом;
- Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укутуу өкүлүнө – 3 миллион 587 миң 496 сом;
- Нарын шаардык мэриясына – 1 миллион сом;
- Сузак райондук мамлекеттик администрациясына – 2 миллион сом;
- Жалал-Абад шаардык мэриясына – 1 миллион сом;
- Ош шаардык мэриясына – 4 миллион сом;
- Ноокат райондук мамлекеттик администрациясына – 1 миллион сом.
Бүгүнкү күндө эсепте 2 миллион 761 миң 51 сом калды.