Сутка ичинде коронавирус илдети дагы бир медицина кызматкеринен аныкталды

Акыркы сутка ичинде коронавирус илдети дагы бир медицина кызматкеринен аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, илдетти жуктуруп алган медицина кызматкери Чүй облусунда катталды.

Муну менен өлкө боюнча COVID-19 жана пневмония илдети медицина тармагынын 4 миң 222 кызматкеринен аныкталып, алардын ичинен 4 миң 195и сакайды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан