Орусияда коронавирус илдетин алдын алуу үчүн мурунга себилүүчү дары патенттелди
Орусиянын Федералдык биомедициналык агенттиги (ФМБА) коронавирусту дарылоо жана алдын алуу үчүн "MIR-19" деп аталган мурунга себилүүчү спрейине патент алды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, дары коопсуз, адамдын геномуна жана иммунитетине таасир этпейт, жеңил көтөрөт.
"Ал адамдар үчүн коопсуз, адамдын геномуна жана иммунитетине таасир этпейт, бирок ошол эле учурда вирустун көчүрүлүшүн (репликациясын) натыйжалуу жок кылат жана коронавирус инфекциясынын эң оор түрлөрүнүн алдын алат", - дейт адис.
Ошондой эле спрей коронавирус инфекциясынын фонунда пайда болгон пневмонит, курч респиратордук стресс синдромдорунун алдын алат деп кошумчалады. Агенттик белгилегендей, дары-дармектин клиникалык сыноосунун биринчи этабы анын коопсуздугун жана жакшы толеранттуулугун далилдеди.
Ковид-19 жуктуруп алган адамдарга дары-дармектерди текшерүүнүн экинчи этабы башталды.