Сутка ичинде коронавирустан дагы жети бейтап каза болду. Кайсы аймактардан?

Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус жана пневмония оорусунан 7 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, коронавирустан каза болгондордун ичинен төрт бейтап Бишкек шаарында катталса, эки бейтап Чүй облусунда жана Ысык-Көл облусунда бир бейтап каза болгон.

Бул көрсөткүч менен коронавирус жана пневмония оорусунан каза болгон адамдардын жалпы саны 1 миң 619га жетти.



Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан