26-27-июль күндөрү президент Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жолугушту.
Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков эки президенттин жолугушуусунда эмнелер талкууланганын журналисттерге айтып берди. "Эки тарап боордош элде карама-каршылыктар, чыр-чатак болбош керек деп айтышты. Президенттер Исфара шаарында кеңейтилген жана чакан форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Күн тартибинде бүт актуалдуу маселелер талкууланып, жакшы жыйынтыкка келишти. Андан соң Тажикстандын президенти иш сапары менен Чолпон-Ата шаарына келди. Алар күн тартибиндеги маселелерди карап, ар бир пункт боюнча тиешелүү иш-чараларды пландашты. Иш-чаралар жакын арада өкмөттүн деңгээлинде ишке ашырыла баштайт. Мамлекет башчылар делимитация маселелери боюнча укуктук негиз боюнча сүйлөшүштү. Бул багыт боюнча тиешелүү делимитация менен алектенген өкмөттөр аралык комиссия сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт. Тышкы иштер министрлиги бардык процесстерди, эки тараптуу маселелерди көзөмөлдөп жолго салууга аракет кылат", - дейт министр.