Акыркы суткада өлкөнүн медициналык жайларында коронавирус инфекциясынан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен тогуз адам көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Бишкекте – 5;
Чүйдө – 4.
Муну менен бүгүнкү күнгө карата республика боюнча 1 миң 830 адам илдеттен каза болду. Анын ичинде лаборатордук тастыкталган 648, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган 1 миң 182.