Бишкек шаарында коронавирус илдетине кабылгандар күн санап көбөйүп жатат. Соңку суткада борбор калаада 183 адамдан илдет аныкталды. Бул тууралуу шаардык мэриясынын медициналык жардам уюштуруу жана электрондук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Бакытбүбү Шамырканова брифинг берип жатып билдирди.
Анын айтымына караганда, акыркы суткада бир адам илдеттин кесепетинен каза болду.
"Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын аймагында 23 мобилдик бригада иштеп жатат. Учурда калаада 1165 орундуу 11 бейтапкана коронавирусту дарылоо үчүн иштеп жатат. 9-июнга карата ооруканаларда 886 бейтап дарыланып жатат. Алардын ичинен:
Оор абалда - 256
Орточо оор абалда - 563
Өтө оор абалда - 65
Жандандыруу бөлүмүндө - 80
2020-жылдан бери борбор калаада 41 миң 737 адам илдетти жуктуруп алган", - деди Шамырканова.