Дагы 5 адам коронавирустан каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Лаборатордук тастыкталган COVID-19 – 4, Бишкекте – 3, Ош облусунда - 1; клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 – 1 учур, Жалал-Абадда. Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 1 миң 925 кишини түздү. Анын ичинде лаборатордук тастыкталган – 709, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган – 1 миң 216.