Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында депутаттар саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди эмдөө иштерин тездетүүгө чакырышты.
Депутат Шайлообек Атазов "жапырт эмдөө алалы, артынан уу коргошун ичели" деп тамашалады.
"Вакцинаны биздин төрагабыз мактады. Бардыгыбыз эмдөө алалы. Андан сырткары уу коргошун ичип туралы. Ошондо бардыгы жакшы болот", - деп айткан Атазов.
Эске салсак, 16-апрелде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын өткөрүп, уу коргошун менен дарылоо боюнча түшүндүрмө берип, аталган өсүмдүктүн кайнатмасын түз эфирде ичкен. Бул коомчулукта ар кандай талкууларды жаратып, мындай дарылоо ыкмасына көпчүлүк сын-пикирин айтышкан.