Алмазбек Бейшеналиев кызматынан бошотулду

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун негизинде Алмазбек Бейшеналиев билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 28-сентябрда билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев пара алуу фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Ички иштер министрлиги Бейшеналиев чет өлкөлүк студенттерди жергиликтүү жогорку окуу жайларына киргизүү үчүн 110 миң доллар пара алуу фактысына байланыштуу кармалганын айтып, видеосун жарыялаган. Сотто Бейшеналиев журналисттердин суроосуна жооп берип, күнөөлүү эместигин айткан. Ал эми Бишкектин Биринчи Май райондук соту Бейшеналиевди эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.

Бейшеналиев билим берүү жана илим министри болуп 2022-жылы февраль айында дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан