Биз социалдык тармакта

Конституциялык сот "Матчество" жөнүндө чечимин жокко чыгарды

Конституциялык сот матчество боюнча чечимин карап чыгып, документтен "бойго жеткендерде атасынын же энесинин атын тандоо укугу болот" деген жерин алып салды. Бул тууралуу 9-ноябрда соттун расмий сайтына жарыяланган маалыматта айтылат.
Анда Конституциялык сот коомдогу ар кандай пикирлерден улам маселеге кайтып келгенин белгилейт.

"Соттун бул позициясын көпчүлүк кыргыз элинин адеп-ахлагына, баалуулуктарына жана каада-салтына шек келтирген терс көрүнүш катары кабыл алынганына байланыштуу коомчулукта резонанс жаратты", - деп белгиленет документте.

Буга чейин сотко активист Алтын Капалова кайрылган. Ал уулунун паспортуна атасынын ысымынын ордуна энесинин атын жаздырууну суранган, бирок сот бала кийин кодулоого кабыл болушу мүмкүн деп баш тарткан.
30-июнда Конституциялык сот Алтын Капалованын кайрылуусунун негизинде матчество маселесин карап, жарандын аты-жөнүнө энесинин атын кошуу мыйзамдуу жана Конституцияга каршы келбейт деп тапкан. Бирок балага 18 жашка толгондо фамилиясына атасынын же энесинин атын кошууну өзү тандоо укугу бекитилген.
Жарыяланган бул чечим коомчулукта кызуу талкууга алынып, көпчүлүк муну улуттук баалуулуктарга каршы келет деп сындап чыккан.

Матчествого мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, муфтий Замир Ракиев жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев каршы чыккан.

Атайын кызматтын башчысы "Эч кандай "матчество" деген нерсе жок. Ким кабыл алса, ошол жокко чыгарсын!" деп жазган.

Кийинчерээк парламентке президент Садыр Жапаров тарабынан сунушталган “Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр келип түшкөн. 28-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар аны дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган.

Ушул эле жыйында парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев Конституциялык соттун төрагасы менен сотторун кызматтан кетүүгө чакырып, "матчество" боюнча чечим Кыргызстанда кабыл алынганы уят экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан