Буга чейин катуу сабалып жана зодукталган 2 жаштагы бала жандандыруу бөлүмүнөн неврология бөлүмүнө которулду. Бул тууралуу социалдык түйүндөрдүн бириндеги баракчасы аркылуу "Балдар укугун коргоо лигасынын” жетекчиси
Назгүл Турдубекова билдирди.
"Баланын абалы дале оор бойдон калып жаткандыгына байланыштуу аны караганга 3 медициналык кызматчы аял керек болуп жаткан. Учурда алар табылып, баланы карай башташты. Дарыгерлердин айтымына караганда, баланын эсине келүүсү үчүн жана мурунку калыбына кайтуусу үчүн дагы 3-6 ай талап кылынат. Азырынча дарыгерлер анын абалы кандай болору тууралуу эч кандай божомол жана кепилдик бере алышпайт. Бала бутуна туруп кетет деп ишенебиз" деп жазылган маалыматта.
Маалыматка ылайык, учурда баланы кезек-кезек менен 3 медициналык кызматчы кароодо. Алар айына 12 миң сом айлык алышмакчы.