"Эки баласын өлтүрдү” деп шектелип жаткан аял эки айга тергөө абагына камалды. Тиешелүү чечимди бүгүн, 17-февралда Ленин райондук соту чыгарды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Айта кетсек, 15-февраль күнү Арча-Бешик жаңы конушундагы батирлердин биринен 3 жана 4 жаштагы балдардын жансыз денелери табылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары маркум балдардын апасы кармалган.
Ошондой эле кылмышка шектүүнүн Бишкектеги мектептердин биринде мугалим болуп иштеп келгени белгилүү болгон.