Токтогул районунда жол кырсыгы катталып, эки адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 17-май күнү саат 13:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 256-чакырымында болгон. Анда Тойота Ипсум унаасы менен Тойота Камри унаасы сүзүшкөн. Анын кесепетинен биринчи унаанын айдоочусу жана бир жүргүнчүсү каза тапкан. Ал эми 7 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.