"Жүрөгү таза адам гана коомду тазалай алат". Мындай пикирин ЖКнын депутаты, "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын мүчөсү
Мирлан Бакиров билдирди.
Айта кетсек, Жалал-Абад шаарынын тургундары "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын өкүлдөрү менен борбордук аянтта жолугушту. Түштүктүн бычакка сап жигиттеринин бири Бакыт Төрөбаевди бул аймакта өз уулубуз деп, ага ишеним артышат. Жолугушууга келген ар бир тургун көңүл кош кеткен жок, анткени кур сөз эмес, ак эмгеги менен баар таап келе жаткан партия мүчөлөрү бул ирет да тазалыгын далилдеп, элдин ак батасын алышты.