Кыргыз Республикасынын делегациясы “Чет элдик согушкер-террорчулардын азгырыгы жана өз катарына тартуусу менен күрөшүү” темасындагы терроризм менен күрөшүү боюнча эксперттердин конференциясына катышууда. Иш-чара Австриянын Вена шаарында өтүп жатат. Жогорку Кеңештин маалымат кызматы 30-июнь жана 1-июль күндөрү өтүп жаткан бул конференцияга Кыргыз Республикасынын атынан депутат Ирина Карамушкина башында турган эксперттик топ катышууда.
Конференциянын негизги максаты – 2015-жылдын сентябрында БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында зордукчул экстремизмге каршы аракеттенүү темасын жогорку деңгээлде талкуулоого көмөктөшүү. Конференцияда ЕККУда жана башка эл аралык форумдардагы дискуссияларга негиз болуп бере турган сунуштамалардын тизмеси түзүлөт.
Депутат Карамушкина баяндама жасап, өкмөт менен жарандык сектор жогорудагыдай кылмыштуулук менен күрөшүү үчүн күч-аракеттерин бириктириши зарылдыгын белгиледи. “Антпесек биз маалыматтык согуштан уттуруп, чет элдик согушкер-террорчулардын чөйрөсүнө террорчулук идеологиясын жайылтуусуна ыңгайлуу шарт түзүп беребиз. Анан дал ушул мамлекеттик бийлик органдары мамлекеттик коопсуздук үчүн жоопкерчилик тартат”,- дейт депутат И.Карамушкина.
Иш-чарада "Чет элдик согушкер-террорчулардын азгырыгы жана өз катарына тартуусу жаатындагы тенденция менен динамика", "Терроризмге алып бара турган зордукчул экстремизм жана радикалдаштыруу менен күрөшүүдө жаштардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү", "Радикалдаштыруу менен азгыруулардын объектиси болуп калуучу жактарды аныктоого байланыштуу алдынкы тажрыйбалар менен сабактар" деген сыяктуу темалар талкууланды.
И.Карамушкинанын маалымдашынча, конференцияда радикалдаштыруу жана азгыруу иш-аракеттеринде аярлуу катмар жаштар болгондуктан, зордукчул экстремизмге каршы аракеттенүүдө, экстремизм идеяларына тең салмактагы позитивдүү идеяларды жайылтууда жаштарды окутууга байланыштуу тажрыйбалар каралды.