Өмүрбек Текебаев: "Ниетибизди оңдомоюнча жакшы заман орното албай турганыбызды түшүндүк"

"Ата Мекен" социалисттик партиясы быйылкы жылдын жазынан баштаган партиялык конференцияларын өткөрүп, эми аяктоо алдында турат. Кыраакы лидер Өмүрбек Текебаев эл аралап, алардын көйгөйүн изилдеп, эл арасынан болочокто партияны жетектеп кете ала турган, бычакка сап болчу азаматтарды караштырып, партиянын, коомдук-саясий турмуштун көйгөйлөрүн кадырман калк менен биргеликте талкуулап келет. 

Буга чейин республиканын бардык райондорунда, Ош шаары баштаган бир топ шаарларда, Нарын жана Талас облустарында партиялык конференцияларды ийгиликтүү өткөрүп келаткан партиянын кезектеги конференциясы Жалал-Абад облусунда уланды. 

Коомдук турмушта, партияда лидердин ээлеген орду, жасаган кадамдары жана айткан сөздөрү абдан чоң мааниге ээ. Бул жагынан "Ата Мекендин" лидери камчы салдырбай алдыда келет жана айткандарынын көбү далилденет же ишке ашат. Жалал-Абадда өткөн облустук конференцияда дагы Өмүрбек Текебаев кыргыз коому үчүн маанилүү бир топ ойлорун ортого салды. 

"Биз жаңы адам жана жаңы коомду курабыз деп убада бергенбиз, анткени биз кеселибизди аныктай билдик. Кеп өзүбүздүн ниетибизде жана жан дүйнөбүздө экен. Ошондуктан социалисттик партия катары рынок экономикасына макулбуз, бирок рыноктук коомго каршыбыз, анткени адам баласында, кыргыздарда сатылбай турган баалуулуктар арбын. Ошондуктан "баарынын сатылышына, коомдун соодаланышына каршыбыз" деп чыктык. Жан дүйнөбүздү, ниетибизди өзгөртмөйүнчө жакшы заман, жаңы кыргыз өлкөсүн кура албай турганыбызды түшүндүк",- деди Текебаев.  

Дүйнөлүк деңгээлдеги китептер: Инжилде, Тоорат менен Куранда да ушулар туурасында айтылат. Акылман кыргыз жөн эле "ниетиңди оңдо" деп койгон. Адам баласынын аң-сезимин, ой жүгүртүүсүн оңдомоюн, өзгөртмөйүн коомду өзгөртүү кыйын деп айтылат заманбап илимдерде. А бирок аны аткаруу кыйын, кол куушуруп отурган да жарабайт. Ө.Текебаев баш болгон "Ата Мекен" партиясы мына ошого шымалана киришип коомду өзгөртүп, өнүгүүнү жаңы нукка бурганга аракет кылууда. Бул идея ишке ашса, мамлекетибиздин жарандарынын жашоо-тиричилиги мурдагыдан бир канча эсеге жакшырарына "Ата Мекендин" лидери терең ишенет. Анткени өзгөрүлгөн аң-сезим жаңыча ой жүгүртөт.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
BiTiSHKa
2015-07-15 17:10:00
Текебаевдин ушул айткандарынан улам ыйык куран эске тушот. Куранда айтылган ар бир масела турмуштан алынган, жашоонун жолун корсотот. Ошентип Куран эл арасында айтылып журуп элге синип кеткен. Текебаев дагы жаны адам туурасында айтканын байма-бай кайталап жаны адамды тарбиялоого маани берсе, элдин калын катмарынан анын идеялары бат эле тарагындай. Текебаев сонун ойлорду айтыптыр, кудай ошол жеб-ичкич аг сезимибизди пейили токтукка айландырсын ылайым.
-5
nura.177
2015-07-15 17:26:30
BiTiSHKa, сен ата мекен партиясындасынбы? Биринчи оздору ниетин ондоп жакшы иштерди жасашсын, шайлоого аз калганда эле тынбай элден кабар алып калышат
+7
BiTiSHKa
2015-07-15 17:58:21
nura.177,партияда эмесмин, болгон идеялашмын. Ниети онолгондугу учун ушундай тилектерин жазып жатышат да. Ал эми Текебаевдин адамдарга карата ой-тилеги туулгандан эле туз.
-1
yslam
2015-07-15 17:15:41
суйлогон созу адабий чыгармадагы он каармандын созу, жасаган иштери терс каармандын созу
+3
Polat
2015-07-15 18:24:42
yslam,он жана терс каарманды билгенин жакшы, эми жакшы партия жана жаман партия дегенди билип алсан Текебаевдин дагы он каарман экендигине ишенесин досум. Текебаевке жолугуп бир суйлошуп коргун, анын жигит экенин коросун. Эси-дарды адамдардын жашоосун кантип ондоодо болуп калды.
-3
make2
2015-07-15 17:32:08
Өмүрбек Текебаев: деген жаңылыктардан жададык, кооз сүйлөгөндү баары эле билет көрүнүктүү иш кылган эч кимиси жок
+3
daniel87
2015-07-15 17:44:51
make2, эмнесинен жададын?ТЕКЕБАЕВ биз сиз менен!
0
Polat
2015-07-15 18:21:12
make2,башкасын билбемин Текебаев коом учун зарыо адам, ал эл учун иш кылып жатат. Жолго 2 машина таш токкон адам эмес, жаны системаын жаратып жаткан адам азамат. Текебаев биздин ой-жугуртууну озгортом деп жатат. Сен да, мен да озгорчу учур келди. Кекетпейт Текебаевке жардам берсек ал бизге иштеп гана берет. Эмне иш кылды дейсин конституцияны жараттаы, элшепайдалуу мыйзамдарды кабыл алды. Мамлекеттеги тен салмактуулукту кармап турат, ал болбосо ошол тен салмактуулук жок болот.
-3
jemile
2015-07-15 18:18:06
Шайлоого жакын жакшы эле ниетиңерди оңдойсуңар, анан эле Ак үйгө кирип кеткеееен боюнча чыкпай дым болосуңар..
+2
BiTiSHKa
2015-07-15 18:33:50
jemile,эми кыябы келип турат. Ак тамга кирип кайра чыга турганын шайласан, куйбойсун. Бир жилик этке, 500 сомго алданып чайын ичип койсон дагы калган 5 жыл ошентип жашай беребиз досум. Ак уйго кирбеш учун жакшылап тандайлы!
-3
Sopsonun
2015-07-15 19:28:11
20 жылдан бери эмне кылганынан дайын жок. Ошондон бери депутат. Ал эми азыркы бийликтин жасаган иши баарыбыздын мандайыбызда. Болгону беш жыл ичинде.
0
Medina87
2015-07-15 22:05:45
Бала кезимдеги Текебаев ошол эле баягы Текебаев...
0
st1m_
2015-07-15 23:40:30
Medina87, Баягы апендинин эжем былтыр бир жаш улуу эле быйыл экообуз тенбиз дегениндей эле жазыпсыз.Текебаев ошол Текебаев болбогондо ким болот эле.
+2
Polat
2015-07-16 10:21:43
Medina87,бала кезиндеги Текебаев сендей эле бала болгон, азыркы Текебаев дуйно тааныган, Кыргызстанды жакшы жолго саламын деген Текебаев. Байлар, жеп-ичкичтер, криминалдар эмес, сага окшогон (балким сен да бай же... болуп журбо) кедей-кембагалдар жакшы жашасын деп баарыбызга жаман корунуп чуркап журот. Кантип анан бала кездеги Текебаев менен азыркы Текебаевдин айрымасы болбосун! Айрымасы жашында, ал эми мунозундо бала кезде карманган чынчылдык принциби дагы деле ошол бойдон калды, так что смотри
-3
Medina87
2015-07-16 15:06:12
Polat,
Жердешимди мен жакшы билсем керек? ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2015-07-16 15:10:06
Medina87 - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга, жеке айтышууларга тыюу салынат.
0
Medina87
2015-07-16 15:34:59
Polat,
Купуяма кечте т.е. жумуштан сон кирчи кенен суйлошолу. А то, почему то я тебя не поняла?!
0
Nur1k_
2015-07-16 02:21:41
Жапаров президент болот буюрса.
-1
admin_portal
2015-07-16 10:55:51
vabank - 3 күнгө БАН!
Курамы окшош сайттарга шилтеме берүүгө тыюу салынат.
0
Makedonia
2015-07-16 10:56:16
эми тушундунорбу?
0
tynystan
2015-07-16 11:02:52
Господи опять Текебаев
0
zhenishmyrza
2015-07-16 11:34:18
Ниет ондоо Эми эсине келиптир хаха))
+1
BiTiSHKa
2015-07-16 14:02:41
zhenishmyrza,Текебаев, Текебаев болгону ниети туз, ошондуктан эл колдоп келет.
-1
yslam
2015-07-16 16:55:58
текебаев менен кулов эл кызыкчылыгы учун аракеттенишет. башкалардын создору да ишеничсиз, цнетерраны же озуну калкалап турат
-1
zhykyo
2015-07-16 19:11:02
Баары эле куу азыр ай ким билет ким билет
0
admin_portal
2015-07-17 12:35:07
Dimonbek - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
tima_aiperi
2015-07-18 03:19:45
Билбей туруп адамды жаман дебеш керек Текебаев бар болгон учун ушул убака чейин мамилекет болуп келе жатабыз Текебаев жок болгондо бизди ал да качан АКШга сатып жибермек биздин чондор элдер не болсо ошол болсун деп оздорунунун уйбулосун алып башка жака кетишмек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан