Биз социалдык тармакта

Быйыл дыйкандарга 13 миллиард сомго жакын насыя берилди (видео)

Быйыл айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн дыйкан-фермерлерге 13 миллиард сомго жакын жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айыл чарба министринин орун басары Мирбек Дүйшеев билдирди.

"Бүгүнкү күндө айыл чарба багытын өнүктүрүү жана дыйкан, фермер жана кайра иштетүүчү ишканаларды колдоо максатында 8 мамлекеттик программа иштеп жатат. Программалар аркылуу 3 пайыздан 6 пайызга чейинки пайыздык чен менен насыя берилет. Мындан тышкары, эл аралык уюмдар менен биргеликте 6 пайыздык үстөк менен насыя берүүчү 2-3 программа иштейт. Жалпысынан бул программалар аркылуу 11 миңге жакын дыйкан, фермер насыя алды",- деди Дүйшеев.

Быйыл дыйкандарга 13 миллиардка сомго жакын насыя берилди 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан