
Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндө жергиликтүү тургундун төрт баш малын алдамчылык жолу менен алып кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Чүй облустук милициясы маалымдады.
Маалыматка ылайык, жабырлануучу 11-августта белгисиз себептер менен 4 баш малдын жоголгонун айтып кайрылды.
"Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, шектүүнүн жардамчысы жана айдоочусу, мал ээсине жаныбарларды 400 миң сомго бөлүп төлөө шарты менен сатып алууну сунуштап, келишим түзүшкөн. Бирок алар акчасын төлөбөй, малды алып кетишкен. Бул факт боюнча 1985-жылы туулган С.Т. аттуу жаран кармалды. Ал мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турганы белгилүү болду. Шектүүнүн жашаган үйүнө жана өзүнө таандык мал сарайына тинтүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө ок-дарылар, аңчылык күбөлүгү, уюлдук телефон, бычактар жана ишке тиешеси бар башка буюмдар табылып, алынды", - деп билдирди милициянын басма сөз кызматы.