Чүй облусундагы Чапаев – Кегети – Арпатекир унаа жолунда жүргүзүлгөн текшерүүдө асфальт төшөө иштеринен мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Муниципалдык инспекциядан билдиришти.
Маалым болгондой, текшерүү 3,2 чакырым жол тилкесин камтып, курулуш ченемдери жана техникалык талаптар сакталбаган.
"Бул факты боюнча подрядчы "Дол Нур ЛТД" ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынып, мыйзам бузууларды жоюу тапшырылды. Учурда талапка жооп бербеген асфальт катмары алынып, жол кайрадан технологиялык талаптарга ылайык төшөлүүдө", - деп маалымдады мекеме.