Япониянын "Lexus" унаа копаниясы коопсуздук жаздыктарындагы мүмкүн болгон мүчүлүштүккө байланыштуу, Австралиядагы 7015 унаасын кайра чакыртып алуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.
Маалым болгондой, 2005–2012-жылдары чыгарылган Lexus IS250, IS250C, IS350 жана IS-F үлгүлөрүн камтыйт.
"Коопсуздук жаздыктарындагы "Takata" газ генераторлоруна жогорку температура менен нымдуулуктун узак убакыт таасир этиши алардын курамындагы заттын касиеттерин өзгөртүп, жаздык ачылган учурда коркунуч жаратышы мүмкүн. Lexus бул чара алдын алуу максатында көрүлүп жатканын билдирди. Унаа ээлерине газ генераторлорун тейлөө борборлорунда акысыз алмаштыруу сунушталат", - деп белгиленди маалыматта.