Өтмөк, Төө-Ашуу жана Долон ашууларында аба ырайы ачык болуп, унаалардын каттамы үзгүлтүксүз камсыздалууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Өтмөк ашуусунда №36 жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жолду тейлөө жана коопсуздукту камсыздоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп жатышат. Кышкы даярдыктын алкагында атайын техникалар тартылып, нөөмөт уюштурулган.
Ошондой эле Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу жана Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Долон ашууларында да жол кыймылы үзгүлтүксүз жүрүүдө.
Министрлик тоолуу аймактарда аба ырайы тез өзгөрүшү мүмкүн экенин эскертип, айдоочуларды жол эрежелерин сактоого, унааларынын техникалык абалын текшерүүгө жана кышкы дөңгөлөктөрдү колдонууга чакырды.