
Ошто тойдо тапанча көтөрүп жүргөн эки жаран аныкталып, тергөө кызматына жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Ош облусунун ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, алар 2005-жылы туулган Ж.С. жана 2004-жылы туулган Г.А. аттуу жарандар экени белгилүү болду. Окуя социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторинг учурунда аныкталды. Алынган тапанча Макаров үлгүсүндөгү куралга окшош экени, бирок андан ок атылбатыгы болжолдонду.
"Учурда жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тапанчанын кайдан алынгандыгы боюнча текшерүү иштери улантылууда. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат", - деп кошумчаланды маалыматта.