Орусиядагы кыргыз мигранттары шайлоодо "Ата Мекен" партиясын колдошорун билдиришти

Бүгүн, 21-июлда Орусиянын Борбордук, Батыш, Урал, Сибирь жана Ыраакы Чыгыш округдарында жашаган мекендештердин башын бириктирген 29 коомдук уюмдун жана кыргыз диаспораларынын лидерлери күздө өтүүчү парламенттик шайлоодо "Ата Мекен" социалисттик партиясын колдошорун билдиришти. Алар тараптан 5 талапкер "Ата Мекен" партиясынын катарында шайлоого катышарын маалымдашты. 

"Советтер Союзу кулаган соң, өлкөбүздүн жүз миңдеген жарандары алыскы жана жакынкы чет өлкөлөргө жан багуу үчүн чилдей тарап кетишкен. Бул жылдар аралыгында алгач барган жердештерибиз өздөрүнүн жашоо-тиричилигин оңдоого, жаңы турмуш курганга да жетишкен. Эми биздин ишибиз, үйүбүз бар, көбүнүн ишкердиги да өнүгүп жатат. Республиканын кирешесинин сезилерлик бөлүгүн Орусияда иштеген мигранттардан чегерилген акча каражаттары түзөрүн коомчулук билет. Ошол агылып келип жаткан кирешелердин максатсыз пайдаланылып жаткандыгы бизди өкүнтөт. Биз азыр кыргыз өкмөтүнөн бир гана нерсени сурап келүүдөбүз - бул мигранттардын турмуш-тиричилигин жакшыртууга багытталган мыйзамдарды кабыл алып берүү",- деди Кыргыз Республикасынын эмгек мигранттарынын аймактар аралык коомдук бирикмесинин төрагасы Алишер Маданбеков.

Жыйындын катышуучуларынын бири "Кыргызстандык ишкерлер биримдиги" уюмунун төрагасынын орун басары Таалай Мустапакуловдун айтымында, мигранттар ар кандай формада мыйзамдык деңгээлде жардам берүүсүн өтүнүп кыргыз өкмөтүнө кайрылышкан. Андан сырткары Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине, Жогорку Кеңешке бир нече ирет кайрылышкан, бирок натыйжа чыккан эмес. 

"Биз кош жарандуулук маселесин көтөрдүк, анткени Орусиядагы каралган чаралардан улам 200 миңден ашык мигранттар эки анжы абалда калышты. 4 жыл мурун биз Жогорку Кеңештин фракция лидерлерине кайрылганга аргасыз болдук. "Ата Мекен" фракциясы гана жооп кылып, кош жарандуулук боюнча мыйзам долбоорун демилгелесе, парламент колдобой койду. Биздин көйгөйлөр көп, айрыкча мигранттардын укуктарын коргоо боюнча мыйзамдар зарыл. Бул маселелерди чечүүдө саясат абдан маанилүү орунда турат. Ошондуктан бизге Орусиядагы кыргыз диаспоралары үчүн күзгү шайлоолордо кимдин жеңери абдан маанилүү. Жасаган ишин, убадага бек турушун, мигранттарга жардам бере ала тургандыгын карап туруп биз, 200 миңден ашык кыргыз жарандарынын башын бириктирген 29 уюмдун башчылары, шайлоодо "Ата Мекен" социалисттик партиясын колдоону чечтик",- дейт Орусиянын Сибирь округундагы "Мекендештер" конгрессинин өкүлү Бекболот Курманбаев. 

Төмөнкү коомдук уюмдар, фонддор жана диаспоралар "Ата Мекен" социалисттик партиясынын чечкиндүү кадамдарын баалап, күздө өтүүчү парламенттик шайлоодо колдоону чечишкен: "Кыргыз биримдиги" (Балашиха), "Кыргызстандык ишкерлер биримдиги", "Мекенчил жаш", "Аксакалдар кеңеши", Кыргызстандын эмгек мигранттарынын аймактар аралык коомдук бирикмеси, "Санат-Ордо", "Мекендештер", "Биримдик", Псков, Ярославль, Вологод, Калининград, Волгоград, Магадан, Рязань облустарындагы, Приморья крайындагы кыргыз диаспоралары, "Кыргызстан аялдары", "Соотечественники-Мекендештер", "Кыргыздар союзу" (Чита шаары), "Ала-Тоо" (Бурятия), "Дружба" (Иркутск шаары), "Менин Кыргызстаным - Мой Кыргызстан" (Абакан шаары), "Жергиликтүү кыргыз улуттук-маданий автономиясы" (Новосибирск шаары), "Достук" (Тыва Республикасы, Кызыл шаары), "Жергиликтүү Кыргыз улуттук-маданий автономиясы" (Томск), "Содружество кыргызстанцев" улуттук-маданий уюму (Омск), Мигранттардын "Манас-Ата" борбору (Новокузнецк шаары). Ошондой эле өздөрүнүн 5 талапкери менен "Ата Мекендин" катарында күзгү парламенттик шайлоого аттанышты. 

Жыйындын жүрүшүндө жаш талапкер Темирлан Бекботоев: "Азырынча биздин идеяларды ар тараптуу колдогон бир гана "Ата Мекен" партиясы болду. Кош жарандуулук боюнча мыйзамды талкуулоо учурунда "Ата Мекен" фракциясы мигранттарга барып талкуу өткөргөн жалгыз фракция болгон. Биз "Ата Мекендин" катарында кыргыз парламентине өтүп келип, кыргыз мигранттарынын маселелерин ар тараптуу чечүүгө бел байладык. Бул жагынан бизге "Ата Мекен" партиясы көмөк көрсөтөрүнө ишенебиз",- деди ал.

Азыр кыргыз жеринде миграция маселеси курч турат. Лидерлердин айтымында, азыр зарыл мыйзамдардын жоктугунан кыргыз өлкөсүнүн 200 000ден ашык жарандары 2 мамлекеттин тең атуулу эмес болушуп, арсар жашоо кечиришүүдө. Евразиялык экономикалык биримдикке киргенде биздин жарандардын укуктары кеңейиши керек, ошого жараша мыйзамдарды кабыл алуу жаңы Жогорку Кеңештин милдети болуп эсептелет. "Ата Мекен" социалисттик партиясы бул багытта азыртадан эле алгылыктуу иштерди аткарууга киришти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (48)
meerim8793
2015-07-22 15:25:53
Мелис кайсы партияда?
0
admin_superstan
2015-07-22 15:27:04
shaar, талкуудан алыстабаңыз! Эскертүү!
-1
Rapas
2015-07-22 15:30:45
Ата Мекендин лидери Текебаев?
0
admin_superstan
2015-07-22 15:47:53
shaar, мазактоого жол жок! 5 күн БАН!
medina., сын-пикирлер тиешелүү даректерге жөнөтүлүшү керек.
0
fanatka19
2015-07-22 16:05:07
Бүт мигранттар дегенден алыс болгула,мен билгенден көбү колдобойт.
+1
batma200294
2015-07-22 16:38:21
Мен онугуу прогрессти колдойм уй-булоом менен!Админ Nazira1989 га жооп берип коюнуздарчы,сураныч.
+1
nazira1989
2015-07-22 22:19:31
batma200294,рахмааат...)))
0
Detka55
2015-07-22 17:40:11
Ата мекен алгааа!
+1
Kampos
2015-07-22 17:40:47
Колдойбуз! Ишинерге ийгилик!
0
Minhi
2015-07-22 18:38:21
Россияда жургон мигранттар эч кимге добуш бербейт.атка минерлер миграттар учун эмне кылып жатасынар оздорунчо эле бул партияга тиги партияга деп озунорду суйунтпогуло .миграттардын жагдайыны чечип анан ниет кылсанар болмок.ТС кушулат деп 3 жылдан бери алдайсынар арынар жок силердин.Армения 2 айдын ичинде толук кошулуп кеттиго биздин атка минерлер бир ишти толук аткаргага духтары жетпейт
+1
karona
2015-07-22 19:09:03
ата мекенди колдойбуз Москва шаарынан
-5
Aseiin
2015-07-22 19:11:36
биз кайда баратабыз.
+1
Millioner.
2015-07-22 22:12:50
Лично менден эч ким сураган жок,кимди шайлайсың деп?""анан мен учүн жооп бербегиле.
+1
munar91
2015-07-25 00:05:19
Лидерлерге айтаарым , озунор учун жооп бергиле!! Ата Мекенди дагы, Ата Мекенди колдогон силерди колдобойм. Бироонун укугун сыйлоону уйронсонор, урду сокту барып , жалпы мигрантардын атынан жооп бербей!!!
0
Alibi
2015-07-25 19:05:12
Ата Мекен алга! Жаштар Ата Мекен менен бирге! Ата Мекен Кыргызстанды оңдойт, калгандары тонойт!
+2
Birimdik5555
2015-09-10 18:50:00
Чёрный список маселесин кайсы партия чечип берсе ошону колдойм (тамаша)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан