Баткен. Жаштар күнүнө жана эл аралык студенттер күнүнө карата КВН өткөрүлмөкчү
10-ноябрь жаштар
күнүнө жана 17-ноябрь эл аралык студенттердин күнүнө карата БатМУнун башкы
мекемеси жана анын окуу түзүмдүк бөлүмдөрүнүн командаларынын ортосунда КВН өткөрүлмөкчү. Ага Баткен, Сүлүктү, Кызыл-Кыя шаарларынын шайыр, тапкыч жаштарынан түзүлгөн 6 команданын катышуусу күтүлүүдө. Бул иш-чаранын
максаты БатМУнун студенттеринин арасында байланышты, достукту, ынтымакты чыңдоо
болуп саналат. Таймаштын жеңүүчүлөрүнө кызыктыруучу жана акчалай сыйлыктар ыйгарылат. Бул тууралуу
БатМУнун жаштар жана маданият бөлүмүнүн жетектөөчү адиси билдирди.