Бишкекте жарандык никедеги аялын мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип 34 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу 27-июлда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-июлда Бишкек шаарындагы Менделеев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен мыкаачылык менен өлтүрүлгөн азиат түспөлүндөгү аялдын жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерден кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган О.М. милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, экөө бир жылдан бери чогуу жашап келишкен. Жарандык никедеги күйөөсү мас болуп келгенде бир нече жолу кол көтөргөнү белгилүү болгон. Окуя болгон күнү маркум үйдөн чыгып, тааныштарынын үйүндө жашырынып турган. Күйөөсү таап алып катуу сабап салган. Соттук-медициналык экспертизада 11 кабыргасы сынганы, бетинен жаракат алганы аныкталган.
Факт боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголду. Маркумдун өздүгү эки суткадан кийин такталган. Ал Жалал-Абад облусунда 1979-жылы туулган жаран экени маалым болгон.