Бул күн бизге дайыма мурда СССР аймагындагы республикалардын аймагынан келишип бирге аскер кызматын өтөшүп, баарыбыздын жалпы мамлекетибизди коргогон шаңдуу жана ырааттуу күндөрдү эстетет.
Десантчылар - куралдуу күчтөрдүн элитасы. Бардык мамлекеттерде алар топтогон тажрыйбаны жаш муундарды патриоттуулукка тарбиялоого пайдаланып, ардагерлерден татыктуу тарбия алууга аракет кылышат. Биздин мамлекетибизде дагы десантчылардын уюмдары коомго пайдалуу иштерди аткарып келишет. Алар жаш муундарды окутушат, тарбиялашат, өздөрү билгендерин жана акылын аларга беришип, үйрөтүшөт.
Кыргыз мамлекетинин десантчылары мурдагы СССРдин десантчылары бириктирген союзга, былтыркы жылдан баштап Эл аралык союзга да мүчө болуп эсептелет. Бул десантчылар үчүн гана эмес, биз үчүн дагы абдан маанилүү. Кыргыз мамлекетинин десантчылары өзгөчө орусиялык кесиптештери менен өтө жакын достук мамиледе кызматташып келишет. Согуштун оор жолдорун бирге басып өтүшкөн бул эки өлкөнүн жоокерлери Бишкекте же Рязанда болобу, бири-бирине зарыл учурда достук колун сунарына терең ишенишет.
Урматтуу десантчылар!
Чын жүрөгүмдөн майрамыңар менен куттуктайм! Силерге каармандыкты каалоонун зарылчылыгы жок, анткени ал силерде дайыма болгон. Силерге ийгиликтерди каалайм! Кырсыктар силердин үйдү айланып өтсүн, ылайым жергебизде тынчтык болсун!
Туура айтышат, мурдагы десантчылар болбойт. Биз билебиз, силер барда Ата
Мекенибиз таш дубалдын артындагыдай бекем корголот. Силерге ачык асман, чың ден
соолук жана бакыт каалайм!"