Мындай чечим партиялардын саясий платформаларында белгиленген негизги маселелер боюнча пикирлери дал келгендиктен келип чыкты. Саясий платформалар мыйзам үстөмдүгү идеясынын негизине таянат. Мамлекеттин бүтүндүгү, уюшулган кылмыш жана терроризм менен күрөшүү, бийлик менен криминалдын жуурулушуп кетишине жол бербөө – ар дайым биздин партиялардын көңүл борборунда.
Мамлекеттик башкаруу тармагында биз саясий реформаларды улантып, парламенттик демократия жолу менен кете беребиз. Мамлекеттик институттар адам укугун демократиялык өлкөнүн эң башкы байлыгы катары туу тутушу зарыл. Биз мамлекеттик башкарууда жаңы салтты көрсөтүүгө даярбыз, анда кесипкөйлүккө гана таянып, баарын ачык көрсөтүп, эл алдында жооп берип турушубуз, чынчылдык, адамдык жогорку моралдык сапаттар, рухий нарк-насилди алып жүрүү милдет.
“Ата Мекен” социалисттик партиясы менен “Күчтүү Кыргызстан” саясий партиясынын эң негизги багыттары – коррупция менен күрөшүү, сот реформасы, экономиканы жаңылоо, жакырчылыкты жоюу, жаңы инновациялардын жардамы менен өлкөнү өнүктүрүү, аялзаты менен жаштардын маселелерин чечүү болуп саналат.
Биздин партияларды мыйзамдуулук менен жоопкерчиликке негизделген күчтүү мамлекетти куруу идеясы бириктирип турат. Партияларыбыздын мүчөлөрү бир ооздон жетишкен күчтүү кыргыз өлкөсүндө жашагылары келерин жашырбай, ал үчүн болгон аракеттерин кыларын айтып келишет. Биздин партиялаштар казаны кайнабаган калп менен күрөшүп, өтө пастыкка, ыймансыздыкка, жеке кызыкчылыкка сугарылган саясатка каршы турууга даяр.
Биз биргеликте өлкөнү өзгөртүп, башкаруу системин, калыптанган адаттарды өзгөртүп, мамлекеттик кызматкерлердин, укук сакчыларынын, ишкерлердин, өзүбүздүн да жүрүм-турумдарыбыздан бери өзгөртүшүбүз зарыл. Ошондуктан биз жоопкерчиликтүү, ар бир маселеге өз көз карашы бар, жарандардын жалпы кабыл алынган каада-салтын сыйлаган, өзүнүн күнүмдүк майда кызыкчылыгынан ар-намысын жогору койгон журт кулундарына таянабыз.
Биз таза шайлоо үчүн! Шайлоонун жыйынтыгында кайсы бир партия эмес, алтындай болгон өлкөбүз утушка ээ болсо дейбиз. Партиялаштарыбыздын жалпы идеялары, көз караштары бирдей чыгып, башка көйгөйлүү маселелер боюнча оюбуз бир жерден чыккандыктан, аларды ишке ашырууда кызматташтык гана утуп чыгарын сезип-туюп, шайлоо алдында да, шайлоодон кийин да иш-аракетибиз эриш-аркак болот деген таризде биригип отурабыз.