Бүгүн, 18-августта Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Кыргызстан" партиясынын кезексиз 4-курултайы өттү. Жыйындын башында аймактардан келген делегаттар партиянын жаралышы жана алдыга койгон максаттары тууралуу тасманы көрүштү. Андан соң жыйынга чакырылган кадырлуу меймандар, элеттен келген делегаттар президиумду жана делегаттарды куттуктап, каалоо-тилектерин узатышты. Бүгүн делегаттар партиянын ыйман жана саламаттык башында турган "7 кадам" деп аталган программасын жактырып жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин бекитишти.
Партия лидери Канатбек Исаев журналисттердин суроолоруна жооп берип, алдыдагы парламенттик шайлоого карата партиялык тизменин алдынкы ондугун санап өттү: Канатбек Исаев, Азиз Турсунбаев, Чолпон Султанбекова, Нурбек Алимбеков, Жыргалбек Калмаматов, Гүлмира Орозалиева, Дастан Жумабеков, Урмат Ишенбеков, Тынчтык Конушбаев, Нурлан Макеев, Элмира Жумалиева, Канат Муратбеков.
Эске сала кетсек, партиянын съездине 800дөн ашуун делегаттар, 100гө чукул ММКнын өкүлдөрү жана коноктор чакырылган.