Мындан бир ай мурун «Ата Мекен» партиясы жана бир катар үй куруучулардын коомдук жана саясий уюмдары тарабынан макулдашуу кабыл алынган. Өмүрбек Текебаев партия борбордун жылдап чечилбеген мыйзамсыз курулуш боюнча маселесин чечүү милдетин моюнуна ала тургандыгын белгилеген.
"Эки күн мурун шаар мэриясы “Ата Мекендин” демилгесин жактырбай, саясий уюмду популизм менен алектенүүдө деп чыкты",- деп билдирди партиянын басма сөз кызматы.
“Бишкек шаарынын айланасында мыйзамсыз курулуштарга буга чейин бир дагы мамлекеттик чиновник көңүл бурган эмес. Учурда Бишкек шаарынын айланасында өз укуктарынан ажыраган он миңдеген атуулдар күн кечирип, качан гана Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Ө.Текебаев жаңы конуштардын жашоочулары жана үй куруучулардын лидерлери менен жолуккандан кийин мэрия тынчсызданып баштады.
“Ата Мекен” партиясы шаар мэриясынын мындай тынчсыздануусуна саясий себеп бар болуп, мэрия жашоочуларга кам көрүү үчүн эмес, “Ата Мекен” партиясы аталган көйгөйлүү маселеге көңүл буруу менен өздөрүнө упай топтоп жатышат деп чочулап жаткандай. Ошондой эле мэрия “Ата Мекендин” демилгеси менен жакшылап таанышып, анализ жасашкан эмес. Партиянын программасында жер басып алуучуларды колдоо эмес, ар бир жашоочуну мыйзамдын алкагына кийирип, легализациялоо каралган. Демек, шаар башчысы тигил же бул саясий партиянын лидерине жооп кайтарып отургандын ордуна жергиликтүү маселелерди чечсе шаар үчүн пайдалуу болмок”,- дешет “Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрү.
Ошондой эле бишкектиктердин чечилбеген көйгөйүнө айланган жол, тротуар жана башка маселелерди “Ата Мекен” партиясынын Жогорку Кеңештеги жана шаардык кеңештеги өкүлдөрү бир нече ирет көтөрүп чыгышканын, бирок мэрия тараптан эч кандай реакция болбогонун кошумчалашты.