Интернет булактарында парламент депутаты Акылбек Султанов менен МАИ кызматкерлеринин кайым айтышкан видеосу жарыяланды. КСДПдан айрымдар бул окуянын чоо-жайын билип-билбей эле депутатты ашатып сөгүп жатканын билдиришти. Маалыматка таянсак, окуя былтыр апрель айында Өзгөн шаарында болгон.
"Депутат Өзгөндүн борбордук базарында машинасын унаа токтотуучу жайга токтотуп, түшүп баратканда МАИ кызматкерлери келишкен. Алар күбөлүгүн көрсөтпөй же өздөрүн тааныштырбай туруп документ сурашкан. Мыйзам боюнча, документ сураган орган кызматкери алгач өзүн тааныштырышы керек. Депутат Акылбек Султанов алардан өздөрүн тааныштырууну сураганда “форманы көрбөй турасыңбы, көрсөт дегенде көрсөт” деп опузалаганга чейин барышкан. Бул окуя боюнча Акылбек Султанов өз маалында тиешелүү жетекчилерге кат менен кайрылган. Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев депутаттын кайрылуусуна 2014-жылдын 23-майында №23-137-катынын негизинде жооп берген. Анда бул окуя иликтенип, Өзгөн райондук жол-кайгуул кызматынын майору Г.Тешебаевге эскертүү берилип, милициянын капитаны К.Мамадилаевге сөгүш жарыяланган. Жогорудагы кызматкерлер депутатка орой жана мыйзамсыз мамиле кылышканы үчүн ушундай жазага тартылышкан. Белгилеп кетүүчү жагдай, бул иш боюнча аталган кызматкерлер да жетекчиликке кайрылышкан. Көз карандысыз териштирүү учурунда
жол-көзөмөл кызматкерлеринин күнөөсү аныкталган",- деп айтылат маалыматта.