ЭЛДИК КАБАР: Бишкекте мамлекеттик желекти арыктагы суунун нугун бурууга пайдаланышууда

"Бишкекте мамлекеттик желекти арыктагы суунун нугун бурууга пайдаланышууда",- деп билдирди окурман бүгүн, 28-августта SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу. Анын айтымында, Бишкектин Кулатов жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги арыктын суусун бир тарапка буруу үчүн мамлекеттик желекти тосуп койгон. Жанында Аскер комиссариаты бар экенин айтат. "Желекти сыйлабагандар кантип өз өлкөсүн сыйлашат? Мындай кылуудан уялыш керек да. Жанында Аскер комиссариаты бар экен, мүмкүн, ошол комиссариаттын кылганыдыр..."- деди окурман. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
dav312
2015-08-28 16:28:17
Адамдар озубузду сыйлабасак да мамлекетик желекти жана баалулуктарды сыйласакчы биз адам эмес эле айбан болуп бара жатабыз чындыгында муну да курсагы чандайган байдын кылганы болсо кк суротто байкалгандай бул айбанчылык деп ойлойм
+10
bokonbaev
2015-08-31 10:46:15
dav312, adam ozunu siylabasa mamleketti ech kachan siylabayt..
0
bolotbai
2015-08-28 16:42:17
Желегибизди ушундай пайдаланганы учун ошол аскер коммиссариатындакыларды жоопко тартуу керек.Бул мамлекеттик желекти точно ошол жердекилер колдонгон.Казакстанда оздорунун желегин шагыл ташыган камазга жапкан адамды ызы чуу болуп катаал жоопко тарткан эле,биздикилер да желекти булгаганы учун жоопко тартыш керек.Ушундай кантип болсун уяты жоктор десе.
+5
uulay
2015-08-28 16:51:36
Уят эле.Эмне балээ,манкурт болуп баратабызбы,тушунбойм.Жанылыка кирсен эле урой учурган окуялар..
-4
bokonbaev
2015-08-31 10:48:29
uulay, kiyamattyn belgileri.. :)
0
jazgul80
2015-08-28 16:53:15
Август айынын Смартфон унун ээси табылды окшойт.
+4
topchievMaKsAtBeK
2015-08-28 17:11:16

Мункун бул желекти озу койуп тартып алгандыр емнеси болсода мееси жок екен ким койсода
-8
bolotbai
2015-08-28 17:43:45
topchievMaKsAtBeK, Желектин коюлганына коп кун болгондой,таштын алдында турган жери ылайланып калыптыр.
+4
Adi.Avazbekov
2015-08-29 01:14:23
topchievMaKsAtBeK, jumurtkadan kyr izdebechi emi.
+3
bokonbaev
2015-08-29 01:49:44
topchievMaKsAtBeK, жинди болбосо керек ал дагы.кичине маани берип карап анан жазсан боло.. бир нерсенин жаман жагын эле карай бербей жакшы жагын да карап корсон боло..
+2
bazarkyl
2015-08-28 17:13:40
jazgul80, тууру. Бир акмактын айынан, бир адам смартфондуу болсо. Кээбир адамдардын кылган ишине түшүнө албай кетесин. Кантип желекти арыкка суу тосмо кылган. Жөнөкөй адамдардын колунда желек боло бербейт. Жанындагы аскер комиссариатынын иши болушу толук мүмкүн.
+5
novayariga
2015-08-28 18:12:04
Суротко тартып, жазып коюп кетип калбай алып койдунбу анан же жайладым деп кеттинби андан ары?
+5
mister.ailasyz
2015-08-29 17:57:11
novayariga, Ошончо болгон соң алып койсо керек.
+2
Eraly___
2015-08-28 18:47:30
Уяткыла кичине.
+2
maks1980bishkek
2015-08-28 20:18:22
Сууга озумду тосуп койгондой капа болуп кеттим.шордуу элбизда шордуу:(
+4
bolotbai
2015-08-28 20:52:07
Ёще желектин жанында стаканчик арактын идиши жатат,желекти койгондор ичишкен го.Баш жазышкан окшойт аскер комиссариантындакылар.
+2
modem4999
2015-08-28 23:45:52
bolotbai, комиссариантпы
-1
Alatoo12
2015-08-31 10:28:33
modem4999, октябрь районунун военкаманты деп атышты беле?
0
bokonbaev
2015-08-31 10:45:28
modem4999, emi klaviaturada katachylyktar bolup turat da.a siz janylykty okusanyz bolo.kommentariylerdin katasyn tekwerbey..
0
Nuranna_93_kg
2015-08-28 23:50:06
Кайсы манкурт койсо да наалат,канчалаган азаматтарыбыз кара жанын карч уруп мамлекеттик желегибизди туу тутуп желбиретип журсо,булардын кылганы эмнеси?...((
+2
aikol87
2015-08-28 23:58:52
Ушуга окшогондорду коруп жанын кейитта.
+1
bokonbaev
2015-08-29 01:47:54
Бугун барып атайы карап келдим.алып койушуптур.алдыгы кок крышка менен эле тактай турат сууда.желегибиз жок..
+1
mister.ailasyz
2015-08-29 17:51:09
bokonbaev, Азамат экенсин чын жүрөктөн ыраазы болдум барып карап келгенине..
+1
bokonbaev
2015-08-29 18:44:01
mister.ailasyz, Бишкекке мурда кун келгем.кечээ жанылыкты окуп алып жаман болдум.барып алып койуу максатында барсам алып койушуптур.ким алса дагы азаматтар экен..
+2
Alatoo12
2015-08-31 10:27:46
bokonbaev, сиз дагы азамат экенсиз..
0
Kaliskan
2015-08-31 10:40:16
bokonbaev, azamatsyz bokonbaev.sizder er azamattar kop bolso onuksok kerek...
0
beben
2015-08-29 12:16:50
Ээй тообо туу учун эр азаматтар жанын берип келишкен азыр эч маани бербей калды желектин турчу оз орду бар. Калпакты баняга кийип желекти тосмо кылып ... билбейм келечек эмне болот.
+1
Kaliskan
2015-08-31 10:39:06
beben, kalpakty korgondo men oylopmun turistterge beret okwoyt dep.korso parga kiyip aliwat eken.. okunuchtuu :((
0
Alatoo12
2015-08-31 10:27:00
Эмне деген шумдук бул.озуну сыйлабаган адамлын колунан келет мындай нерсе..
0
Kaliskan
2015-08-31 10:38:19
Kyrgyzstanybyz emi onugup kele jatkanda emne bolup baratabiz?
0
tyratbek
2015-09-08 00:09:28
бизде закон карапайым эле адамдарга иштейт гаи кызматкерлери номериндеги желекти тешип салыпсын деп штраф салат карапайым элге а эмнеге темирдеги желек эмес чыныгы желбиреген желекти тебелегендерге унчукпайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан