"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:

"Урматтуу мекендештер!

Сиздерди өлкөбүздүн эң башкы майрамы – Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын! Бүгүн биз өзүбүздүн тарыхый вазыйпабызды аткарып, көз карандысыз, гүлдөгөн, саясий туруктуу кыргыз өлкөсүн куруудабыз. 20 жылдан ашык мезгилден бери бизде күчтүү мамлекетти, жаңы экономиканы жана жаңы бирдиктүү коомду куруу үчүн бардык шарттар түзүлдү. Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын жүзөгө ашыруу укуктук мамлекетти калыптандыруу жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча өлкөнүн саясий багытынын бардык айкын, так тараптарын камтыйт. Эркиндиктин, ийгиликтин жана жеңиштердин духу менен сугарылган, өз чыгармачылык, интеллектуалдык жетишкендиктери, пайдалуу иштери менен мамлекетибизди даңазалап жаткан жаңы муун өсүүдө.

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын үчүнчү он жылдыгындагы учурдун жаңы көйгөйлөрүн эске алуу менен "Өнүгүү-Прогресс" партиясы көп жагынан узак мөөнөттүү келечекке мамлекетти өнүктүрүүнүн багытын аныктаган өлкөнүн социалдык-экономикалык маселелерин чечүү боюнча өз алдына жаңы максаттарды коюуда. Бул багыт өлкөбүздүн келечек муундары үчүн стратегиялык багыт болуп кызмат кылмакчы. Анткени биздин башкы дөөлөтүбүз – бул өз эмгеги, тарыхыбыз менен салт-санааларыбызга аяр мамилеси менен туулган жерибизди даңктап жаткан элибиз.

Ар бир үйгө жана ар бир үй-бүлөгө ден соолук жана бакубат жашоо, бардарчылык жана тынччылык каалайм!

Биз бирдикте эгемен жана гүлдөп-өсүп жаткан мамлекетти курууну уланта беребиз!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nuranna_93_kg
2015-08-31 16:34:17
Айтканыныз келсин.Мен да жалпы кыргыз элими куттуктап кетмекчимин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан